Антальяга 10 айда 8,6 миллиондон ашуун турист келди

Шаарга келген туристтердин улуту боюнча биринчи орунду Орусия алды.

1728181
Антальяга 10 айда 8,6 миллиондон ашуун турист келди

Түркиянын көздөлгөн туризм борбору Антальяга жылдын биринчи 10 айында коронавирус (Ковид-19) пандемиясына карабастан 8,6 миллиондон ашык турист келди.

Пандемия мезгилинде Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилигинде мейманкана жана туризм ишканаларында Коопсуз туризм сертификат программасы ишке ашырылган Анталья «сапаттуу жана коопсуз» туризмдин дареги болду.

Ковид-19дан улам өткөн жылы 3,5 миллион турист менен жабылган Анталья быйыл эмдөөлөрдүн көбөйүшү жана саякатка коюлган чектөөлөрдүн алынышы менен дагы көп эс алуучунун багытында болду.

Болжол менен 3,5 ай бою дем алыш күндөрү орто эсеп менен 100 миң чет элдик турист зыярат кылган шаарга акыркы 10 айдын маалыматына караганда 8 миллион 616 миң киши келди.

Шаарга келген туристтердин улуту боюнча биринчи орунду Орусия алды. Орусиядан 10 айда өткөн жылга салыштырмалуу 145 пайызга өсүү менен 3 миллион 448 миң 706 турист келди.

Украина болсо 1 миллион 258 миң 138 киши жиберип экинчи орунду алды.

Өткөн жылдын 10 айында 335 миң 484 немис туристти кабыл алган Анталья, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде болсо 247 пайыздык өсүү менен 1 миллион 164 миң 338 немис туристти кабыл алды.



Тектеш кабарлар