Анталья 10 айда 8,6 миллион туристти тосуп алды
Облустук Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-январдан 31-октябрга чейин шаарга 8 миллион 615 миң 626 турист келген.
1727753
Дүйнөнүн эң маанилүү туризм багыттарынын бири болгон Антальяга аба жолу менен келген чет элдик туристтердин саны 8,6 миллиондон ашты.
Облустук Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-январдан 31-октябрга чейин шаарга 8 миллион 615 миң 626 турист келген.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу туристтердин саны 163 пайызга өскөн.
Октябрь айында 1 миллион 599 миң 345 киши эс алуу үчүн Антальяны тандады.
Өткөн жылдын октябрь айында 699 миң 857 туристти кабыл алган Анталья быйыл октябрь айында 129 пайыздык өсүшкө жетишти.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.