Цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту өстү

Өткөн жылдын 9 айында сектор тарабынан ишке ашырылган 373 миллион 678 миң долларлык экспорт 2021-жылдын январь-сентябрь мезгилинде 14 пайыздык өсүү менен 427 миллион 29 миң долларга жетти.

1723575
Цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту өстү

Түркиянын цитрус экспорту жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өсүп 427 миллион 29 миң долларга жетти.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда, өткөн жылдын январь-сентябрь айларындагы 727 миң 601 тонналык цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 15 пайызга өсүп 840 миң 216 тонна болду.

Өткөн жылдын 9 айында сектор тарабынан ишке ашырылган 373 миллион 678 миң долларлык экспорт 2021-жылдын январь-сентябрь мезгилинде 14 пайыздык өсүү менен 427 миллион 29 миң долларга жетти.

Сектордун январь-сентябрь айларында эң көп экспорттолгон продукциясы лимон болуп, аталган мезгилде 48 пайыздык өсүү менен 184 миллион 30 миң доллар киреше алып келди.

Лимондон кийин 146 миллион 775 миң доллар менен мандарин, 51 миллион 257 миң доллар менен грейпфрут жана 44 миллион 798 миң доллар менен апельсин орун алды.

Түркия бул мезгилде эң көп цитрус өсүмдүктөрүн жөнөткөн өлкөлөр 150 миллион 456 миң доллар менен Орусия, 71 миллион 959 миң доллар менен Ирак жана 32 миллион 438 миң доллар менен Украина болду.

Сирия болсо январь-сентябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда экспортто эң көп өсүү байкалган өлкө.

Сирияга өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 528 пайыздык өсүү менен 6 миллион 56 миң долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар