Өнөр жай өндүрүш индекси жылдык 13, 8 пайызга өстү

Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси август айында айлык базада  5,4,  жылдык базада  13,8 пайызга өстү.

1718468
Өнөр жай өндүрүш индекси жылдык 13, 8 пайызга өстү

Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси август айында айлык базада  5,4,  жылдык базада  13,8 пайызга өстү.

Түркия статистика мекемеси август айына байланыштуу өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын билдирди.

Буга ылайык, сезондук жана календардык такталган өнөр жай өндүрүшү августта мурунку айга салыштырмалуу 5,6 пайызга өсүп, жылдык негизде 13,8ге жогорулады.

Өнөр жайдын чакан секторлоруна анализ жасалганда август айында тоо-кен казуу өнөр жайынын индекси 9,4 пайызга, кайра иштетүү өнөр жайынын индекси 14,2 пайызга жана электр, газ, буу жана кондиционерлөө өндүрүш жана бөлүштүрүү секторунун индекси 9,4 пайызга жогорулады.

Август айында тоо -кен жана кен казуу секторунун индекси өткөн айга салыштырмалуу 1,7 пайызга төмөндөдү, кайра иштетүү өнөр жай секторунун индекси 6,3 пайызга, электр, газ, буу жана кондиционерлөө өндүрүш жана бөлүштүрүү секторунун индекси 0,2 пайызга төмөндөдү.

 



Тектеш кабарлар