Министр Варанк инвесторлорду Түркияга чакырды

Варанк "3-Эл аралык аскердик радар жана Чек ара коопсуздугу саммитинин" алкагындагы жарманкени зыярат кылды.

1715823
Министр Варанк инвесторлорду Түркияга чакырды

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк инвестиция салгысы келгендердин бардыгын Түркияга чакырды.

Улуттук коргоо министрлигинин жана Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын колдоосу менен борбор шаар Анкарада, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги астында өткөрүлгөн "3-Эл аралык аскердик радар жана Чек ара коопсуздугу саммитинин" алкагындагы жарманкени зыярат кылды.

Сапардан кийинки билдирүүсүндө Варанк акыркы мезгилде Түркиянын коргоо өнөр жайы технологиялары жагынан чоң ийгиликтерге жетишкенине көңүл бурду жана чет өлкөдөн улуттук продукцияларга болгон кызыгуунун бир топ жогорулаганын айтты.

Жарманкеде бул сектордун канчалык тез жана динамикалуу экенин көрө алышканын түшүндүргөн Варанк: «Коргоо өнөр жайы тармагында Түркияга инвестиция салуу жагынан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Биз жергиликтүү же чет өлкөлүк деп айырмаланбайбыз. Түркияга инвестиция салгысы келгендердин баарын өлкөбүзгө чакырабыз»,- деди.

Министр Варанк Коргоо өнөр жайы башкармалыгы, Рокетсан, Метексан жана Гавелсан стенддерин кыдырып маалымат алды.



Тектеш кабарлар