S&P Түркияга карата экономикалык өсүш божомолун жогорулатты
2021-жылга карата Түркиянын экономикалык өсүү божомолу 6,1 пайыздан 8,6 пайызга көтөрүлдү.
Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Standard & Poor's (S&P) Түркияга карата 2021-жылга үчүн экономикалык өсүш божомолун 6,1 пайыздан 8,6 пайызга көтөрдү.
S&P тарабынан жарыяланган "Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка (EMEA) аймагына карата 2021-жылдын 4 -чейрегинин отчетунда", аймактагы өнүгүп келе жаткан экономикалардын күтүлгөндөн дагы күчтүү экономикалык өсүш көрсөткөндөрү түшүндүрүлдү.
Отчетто белгиленгендей, Түркияда экономикалык активдүүлүк көрсөткүчтөрү мурда болжолдонгондон күчтүү. 2021-жылга карата Түркиянын экономикалык өсүү божомолу 6,1 пайыздан 8,6 пайызга көтөрүлдү.
S & Pдин отчетунда жай айларында эл аралык туризм секторунун салыштырмалуу тез калыбына келгени баса белгиленди.
Отчетто айрыкча 2021-жылга карата Польшанын өсүш божомолу 4,5 пайыздан 5,1ге, Орусиянын 3,7 пайыздан 4 пайызга, Түштүк Африка республикасынын 4,2 пайыздан 4,6 пайызга чейин өскөнү кабарланды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.