Кара деңиз лососунан 8 айда 103 миллион доллар киреше түштү

Кара деңиз лососу 20 өлкөгө экспорттолду.

1703946
Кара деңиз лососунан 8 айда 103 миллион доллар киреше түштү

Түркиядан 2021-жылдын январь-августунда Кара деңиз лососу Россия, Вьетнам жана Япония баш болгон 20 өлкөгө экспорттолду.

Чыгыш Кара Деңиз Экспорттоочулар Ассоциациясынын маалыматына ылайык, жылдын 8 айында 18 миң 242 тонна Кара деңиз лососунун экспортунан 102 миллион 647 миң 711 долларлык киреше түштү.

Кара деңиз лососунун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу саны боюнча 275 пайызга, наркында болсо 357 пайызга өстү. Өткөн жылы 4 миң 863 тоннадан 22 миллион 440 миң 945 долларлык киреше түшкөн болчу.

Бул мезгилде 14,8 тонна Кара деңиз лососу Россияга 84 миллион 573 миң 477 долларга сатылды.

Россиядан кийин 8 миллион 858 миң 875 доллар менен Вьетнам, 3 миллион 136 миң 795 доллар менен Япония турат.

Өткөн жылдын 8 айынан айырмаланып Кара деңиз лососу биринчи жолу Иракка, Алжирге, Данияга, Иорданияга жана Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолду.



Тектеш кабарлар