Фуат октай "Жылдын акырында экспорт максатыбыз 210 миллиар доллар"
Фуат Октай президенттик комплексте Экономикалык Координация Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Вице - президент Фуат Октай Түркиянын жылдын акырынан тарта экспорттун 200 миллиард доллардан жогорулай тургандыгы тууралуу күчтүү көрсөткүчтөрдүн бар экендигин белгиледи.
Фуат Октай президенттик комплексте Экономикалык Координация Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Октай : «Көрүлгөн чаралардын негизинде дефицит жана инфляцияда жылдын экинчи жарымында оң абалдардын болушун күтүп жатабыз»,- деди.
Вице - президент Октай : «Жылдын акырынан тарта экспортубуздун 200 миллиард доллардан жогорулай тургандыгы тууралуу күчтүү көрсөткүч бар. Максатыбыз 210 миллиар долларга жакын экспокртко жетүү. Президентибиздин бекитиши менен сентябрь айынын биринчи жарымында 2022 – 2024 -жылдарды камтый тургандай орто мөөнөттүү программабызды жарыялоону пландап жатабыз»,- деди.