Түркиядан эң көп жаңы жашылча -жемиш экспорту Россияга жасалды

Бул мезгилде экспорттун 32 пайызына туура келген 526 миллион 818 миң долларлык жаңы жашылча -жемиш Орусияга жасалды.

1691364
Түркиядан эң көп жаңы жашылча -жемиш экспорту Россияга жасалды

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында эң көп жаңы жашылча -жемиш экспорту Россияга жасалды.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар ассоциацияларынын маалыматтарына караганда, жаңы мөмө-жемиштердин экспорту январь-июль мезгилинде өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 1 миллиард 638 миллион долларга жетти.

Бул мезгилде экспорттун 32 пайызына туура келген 526 миллион 818 миң долларлык жаңы жашылча -жемиш Орусияга жасалды.

Россиядан кийин 186 миллион 496 миң доллар менен Германия, 141 миллион 120 миң доллар менен Румыния, 132 миллион 287 миң доллар менен Ирак жана 91 миллион 177 миң доллар менен Украина орун алышты.

Жер Ортолук деңизинин жашылча -жемиш экспорттоочулар ассоциациясынын президенти Неждат Син Түркиянын жаңы жашылча -жемиштерди экспорттоодо маанилүү орунга ээ экенин айтты.

Эч качан бир рынокко жана өлкөгө көз каранды болууну каалашпаганын айткан Син: «Биз Ыраакы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү жана Европа Биримдигин кошкондо, тынымсыз изденүүдөбүз », - деди.



Тектеш кабарлар