Түркиянын фундук экспорту

Бул жылдын 6 айлык мезгилинде Түркиядан 1 миллиард 38 миллион 343 691  долларлык фундук экспорттолду.

1675776
Түркиянын фундук экспорту

Бул жылдын 6 айлык мезгилинде Түркиядан 1 миллиард 38 миллион 343 691  долларлык фундук экспорттолду.

Кара деңиз экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда  Түркиядан жылдын январь  -  июнь айларында  жасалган 148 526  тонналык фундук экспортунан 1 миллиард 38 миллион 343   691  доллар киреше алынды.

142 81 тонна фундук сатылып 990 миллион 503 949 доллар киреше алынган өткөн жылдагы сезондун ошол эле мезгилине караганда көлөмү жана баасы жактан 5 пайыздык өсүү болду. Бул мезгилде Түркиядан фундук экспорттолгон өлкө саны 120ге жетти.

Эң көп фундук сатылган өлкөлөр болсо Германия, Италия жана Франция болду.

Бул мезгилде Германияга 224 миллион 407 708, Италияга 217 миллион 578 317 доллар, Францияга 94 миллион 222 485 долларлык фундук  экспорттолду.

Түркиядан былтыркыдан айырмаланып, Сенегал, Чили, Афганистан, Коста-Рика, Перу, Танзания, Монголия, Бенин, Гвинея, Нигер, Багамы, Габон жана Непалга да фундук сатылды.



Тектеш кабарлар