Антальяга келген туристтердин саны 1,5 миллиондон ашты

Анталья сапаттуу жана коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап жатат.

1671512
Антальяга келген туристтердин саны 1,5 миллиондон ашты

Дүйнөнүн маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Антальяга жылдын алты айында 1 миллион 551 миң 633 туристтин келиши секторду кубандырды.

Туристтердин саны жагынан "туризмдин борбору" деп сыпатталган шаар деңизи, куму, күнү менен катар тарыхый жана табигый кооздуктары, маданий курулуштары, байыркы жерлери, мейманкалары менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтерди кабыл алууда.

Жыл сайын миллиондогон туристтерди тосуп алган Анталья, Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда башталган "Коопсуз туризм сертификаттоо программасынын" алкагында сапаттуу жана коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап жатат.

Пандемиялык чаралардын алкагында катуу чаралар көрүлгөн эс алуучу жайларда, ар кайсы өлкөлөрдөн келген коноктор сапаттуу жана коопсуз эс алышууда.

Облустук Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына ылайык, пандемияга жана айрым учуу чектөөлөрүнө карабастан январь-июнь айларында Антальяга 1 миллион 551 миң 633 турист келди.

Орусия 439 миң 209 турист менен шаарга эң көп турист келген өлкө болду. Орусиядан кийин 429 миң 366 конок менен Украина, 145 миң 444 киши менен Германия жана 90 миң 739 турист менен Польша ээледи.



Тектеш кабарлар