Малатьядан 50 өлкөгө жаңы бышкан өрүк эскпорттолду
Малатья Соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан : «Учурда болжол менен 50 өлкөгө өрүк экспорттоп жатабыз. Кургатылган өрүк экспорттоодогу ийгиликти жаңы бышкан өрүк экспортунда да улантуудабыз».
Малатьядан 50 өлкөгө жаңы бышкан өрүк экспорттолду.
Дүйнөдөгү кургатылган өрүктүн 85% өндүрүп, 100дөн ашык өлкөгө кургатылган өрүк экспорттогон Малатьяда жыйнала баштаган жаңы өрүктөр 50 өлкөгө экспорттолду.
Малатья Соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан продукциянын биринчи партиясынын 21-июнда Германияга жөнөтүү үчүн жолго чыккандыгын жана жаңы өрүктөрдүн көптөгөн өлкөлөргө сатылгандыгын билдирди.
Өзжан : «Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жаңы бышкан өрүк экспортубуз улантылууда. Негизги алуучулардын бири Европа өлкөлөрү жана Германия. Жүк ташуучу учактар менен Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө жаңы бышкан өрүк жиберүүдөбүз»,- деди.
Өзжан өткөн сезондо болжол менен 15 000 тонна жаңы өрүктүн экспорттолгонун айтып : «Учурда болжол менен 50 өлкөгө өрүк экспорттоп жатабыз. Кургатылган өрүк экспорттоодогу ийгиликти жаңы бышкан өрүк экспортунда да улантуудабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.