Мөмө жана жашылча жемиштердин экспорту өстү
Эң көп экспорт жасалган өлкө Россия болду.
1642586
Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспорту апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 70 пайызга көбөйүп 201,7 миллион долларга жетти.
Жер Ортолук деңиз жашылча-жемиш экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматтарына караганда, бул мезгилде эң көп экспорт жасалган өлкө 85 пайыздык өсүү жана 57,5 миллион доллар менен Россия болду.
64 пайыздык өсүү жана 30,1 миллион доллар менен экинчи орунду Румыния, 81 пайыздык өсүү жана 14,3 миллион доллар менен Ирак үчүнчү орунду ээледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.