Түркиянын коргоо жана авиация экспортунда АКШ биринчи орунда турат

Январь-апрель айларынын аралыгында Түркиянын экспорту 68,8 миллиард долларды түздү.

1635833
Түркиянын коргоо жана авиация экспортунда АКШ биринчи орунда турат

Түркиянын коргоо жана авиация өнөр жайынын өнүмдөрүнүн экспорту жылдын биринчи 4 айында 1 миллиард долларды түздү.

Сатуу боюнча биринчи орунда 386 миллион 100 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) турат.

Соода министрлиги менен Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын маалыматтарына караганда, өлкөнүн апрель айындагы экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 109 пайызга өсүп 18,8 миллиард долларга жетти. Бул бардык мезгилдердин эң жогорку апрель айындагы экспорттук көрсөткүч болду. Январь-апрель айларынын аралыгында Түркиянын экспорту 68,8 миллиард долларды түздү.

Коргоо жана авиация өнөр жайынын өнүмүнүн экспорту жылдын биринчи төрт айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,7 пайызга өсүп 949 миллион 744 миң доллар болду.

Экспорт боюнча АКШ биринчи орунду ээледи. АКШга экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 56 пайызга көбөйүп, 386 миллион 113 миң долларга жетти.

АКШдан кийин 117 миллион 315 миң долларлык экспорт жасалган Азербайжан экинчи орунда турат. Түркиянын коргоо жана авиация өнөр жайынын Азербайжанга экспорту жылдын 4 айында өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 1234 пайызга өстү.

Аталган экспортто андан кийинки орундарды 90 миллион 299 миң доллар менен Бириккен Араб Эмираттары, 57 миллион 827 миң доллар менен Бангладеш жана 50 миллион 14 миң доллар менен Германия ээледи.



Тектеш кабарлар