ЕРӨБдүн төрайымы Түркиянын экономикасына оң баасын берди
Рено-Бассо Анадолу агенттигине берген маегинде, интернет аркылуу бийлик жана компаниянын жетекчилери менен жолугушуп Түркияга виртуалдык сапар жасай тургандыгын айтты.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одил Рено-Бассо Түркиянын экономикасы динамикалуу жана туруктуу экендигин айтты.
Рено-Бассо Анадолу агенттигине берген маегинде, интернет аркылуу бийлик жана компаниянын жетекчилери менен жолугушуп Түркияга виртуалдык сапар жасай тургандыгын айтты.
ЕРӨБдүн 30 жылдыгын белгилеп жатышкандыктарын эске салган Рено-Бассо, ЕРӨБдүн инвестициялык портфелиндеги эң чоң үлүшкө Түркиянын ээ экендигин баса белгиледи.
Рено-Бассо: «Түркия бизде эң чоң иш-аракет болгон өлкө. 2020-жылы Түркияга 1,7 миллиард евро инвестиция салдык. Түркиядагы ишмердүүлүгүбүздү баштаган күндөн бери 13 миллиард евро инвестиция салдык. Бул абдан чоң инвестиция»,-деди.
Түркиядагы инвестицияларынын 94 пайызынын жеке секторго таандык экендигин айткан Рено-Бассо: «Биздин күткөнүбүз (2021-жылы) Түркияда ушул эле деңгээлде болжол менен 1 - 1,5 миллиард евро инвестиция жасоо. Күчтүү иш-аракеттерибизди улантабыз деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.
Одил Рено-Бассо Түркия ЕРӨБдүн маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгилеп, «Бизди эң кубандырган нерсе, Түркиядагы жеке сектордун өтө динамикалуу экендиги»,-деди.
Түрк экономикасынын динамикалуу жана туруктуулугун баса белгилеген Рено-Бассо, түрк экономикасы жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына туруштук бере алган экономика экендигин айтты.