Түркия Евробиримдикке эң көп кийим саткан 3-өлкө

Евростат Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 2020-жылдагы импорттук жана экспорттук көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1629963
Түркия Евробиримдикке эң көп кийим саткан 3-өлкө

Түркия өткөн жылы Европа Биримдигине (ЕБ) эң көп кийим саткан өлкөлөрдүн арасында 3-орунду ээледи.

Европанын статистикалык агенттиги (Евростат) Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 2020-жылдагы импорттук жана экспорттук көрсөткүчтөрүн бөлүштү. Буга ылайык, 2020-жылы коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу эл аралык сооданын терс таасир алышы, ЕБ өлкөлөрүнүн кийим соодасын өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга төмөндөттү. Евробиримдик өткөн жылы 69 миллиард евролук кийим-кече импорттоду.

Кытай 21 миллиард евро жана 30 пайыздык үлүш менен Европа Биримдиги үчүн кийим-кече импорту боюнча эң ири булак болуп саналат. Бангладеш 12 миллиард евро жана 18 пайыздык үлүш менен Кытайдан кийинки орунду ээлесе, Түркия 8 миллиард евро жана 12 пайыздык үлүш менен үчүнчү орунда турат.

Өткөн жылы Евробиримдиктеги эң ири кийим-кече импорттоочусу болсо Германия болгон. Берлин администрациясы 17 миллиард евролук импортту ишке ашырган. Бул өлкөдөн кийин 10 миллиард евролук импорт менен Франция жана Испания ээледи.

Экинчи жагынан ЕБ өткөн жылы Евробиримдикке кирбеген өлкөлөргө дээрлик 30 миллиард евролук кийим экспорттоду.

Европа Биримдигинен чет өлкөлөргө эң көп кийим экспорттогон өлкө 10 миллиард евро менен Италия болду. Италиядан кийин 5 миллиард евро менен Германия, 4 миллиард евро менен Испания жана 4 миллиард евро менен Франция турат.



Тектеш кабарлар