Түркиянын дары-дармек секторунун экспорту

Бул сектордун экспорту өстү.

1628485
Түркиянын дары-дармек секторунун экспорту

Түркиянын дары-дармек жана фармацевтикалык өнүмдөр секторунун экспорту 2020-жылы 26,8 пайызга жогорулап 1,9 миллиард долларга жетти жана эң көп экспорт жасалган өлкө Түштүк Корея болду.

Соода министрлиги менен Түркия Статистикалык мекемесинин маалыматтарына караганда, Түркиянын дары-дармек жана фармацевтикалык өнүмдөрүнүн экспорту коронавирус (Ковид-19) эпидемиянын таасири менен да өстү.

Түркиянын өткөн жылдагы экспортунда 615,9 миллион доллар менен Түштүк Корея биринчи орунду ээледи.

Түштүк Корея менен бирге экспорттун алдыңкы 15 өлкөсү Ирак, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Грузия, Иран, Швейцария, Болгария, Польша, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Словения, Германия, Сирия жана Албания болду.



Тектеш кабарлар