Түркиянын кулпунай экспорту

Түркиянын кулпунай экспорту жылдын биринчи чейрегинде 333 пайызга өстү.

1625827
Түркиянын кулпунай экспорту

Эгей жашылча-жемиш экспорттоочулар ассоциациясынын төрагасы Хайреттин Учак жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эгей аймагынын кулпунай өндүрүү жана экспорттоодо алдыңкы орунду ээлегенин айтты.

Өткөн жылдын биринчи кварталында Түркиядан 993 000 долларлык кулпунай экспорттолгондугун эске салган Учак, бул жылдын алгачкы үч айында жалпы Түркияда кулпунай экспортунун 333 пайызга өсүп  4 миллион 307 000 долларга, Эгей аймагында болсо 160 пайызга өсүп 839 000 долларга жеткенин айтты.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 15 өлкөгө кулпунай экспорттолгон болсо азыркы учурда экспорттолгон өлкө саны 29га жеткенин белгилеген Учак, экспорттун 60 пайызга жакыны Россияга жасалып бул өлкөдөн кийин Румыния, Ирак менен Грузиянын келгендигин айтты. Учак өзгөчө Румынияга кулпунай экспорттоодо 2019 -  жылга караганда 188 пайызга өсүү болгонун билдирди.

Өткөн жылы 22 620 тонна тоңдурулган кулпунай экспорттолуп 45 миллион 423 000 доллар валюта кирше киргендигин айткан Учак тоңдурулган кулпунай  экспортунда АКШ, Германия, Канада жана Британиянын алдыңкы орунда тургандыгын билдирди.

Кургатылган кулпунайдын да экспорттолгондугун айткан Учак булар эң көп экспорттолгон өлкөлөрдүн АКШ менен Британия экендигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар