Түркиянын Россияга карата цитрус экспорту

Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматтары боюнча, бул жылдын январь-март айларында болжол менен 300 миллион долларлык цитрус  сатылды.

1618172
Түркиянын Россияга карата цитрус экспорту

Бул жылдын биринчи чейрегинде Түркиядан Россияга жасалган цитрус экспорту, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 пайызга өсүп, 117 миллион 598 миң долларга жетти.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматтары боюнча, бул жылдын январь-март айларында болжол менен 300 миллион долларлык цитрус  сатылды.

Өткөн жылдын биринчи кварталында Россияга 108 миллион 359 000 долларлык цитрус экспорттолсо, бул жылдын ушул мезгилинде 9 пайызга өсүп, 117 миллион 598 000 долларлык  экспорттолгон.

Бул өлкөгө жасалган экспортто 62 миллион 544 000 доллар менен биринчи орунду мандариналган болсо,  29 миллион 319 000 доллар менен лимон, 13 миллион 707 000 доллар менен апельсин жана 11 миллион 994 000 доллар менен грейфурт  келди.

Өлкөлөр базасында Россиядан кийин 44 миллион 84 000 доллар менен Ирак, 22 миллион 799 000 доллар менен Украина, 15 миллион 919 000 доллар менен Румыния жана 14 миллион 715 000 доллар менен Польша келди.



Тектеш кабарлар