Түркиядан 184 башка улуттун өкүлдөрү кыймылсыз мүлк алышты

Эл аралык сатууну башкаруу менен алектенген Эл аралык инвестицияларды башкаруу жана кыймылсыз мүлк долбоору Марс Инвестициясынын Башкы менеджери Хакан Бужак, Түркия дүйнөдөгү өлкөлөрдүн дээрлик бардыгына жагарын айтты.

1557203
Түркиядан 184 башка улуттун өкүлдөрү кыймылсыз мүлк алышты

Ушул убакка дейре Түркиядан 184 башка улуттун өкүлдөрү кыймылсыз мүлк алышты.

Эл аралык сатууну башкаруу менен алектенген Эл аралык инвестицияларды башкаруу жана кыймылсыз мүлк долбоору Марс Инвестициясынын Башкы менеджери Хакан Бужак, Түркия дүйнөдөгү өлкөлөрдүн дээрлик бардыгына жагарын айтты.

Европада жүргүзүлгөн бир изилдөөгө ылайык, Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынан кийин, кыймылсыз мүлк секторунун эң чоң ылдамдыгы болгон экинчи өлкө Жаңы Зеландиядан кийин Түркия болгону белгиленгенин айткан Бужак, жаңы нормалдуу жашоого өтө баштагандан кийин чет өлкөлүктөргө сатуунун тездик менен жогорулай турганын баса белгиледи.

Бужак, бүгүнкү күнгө дейре Түркиядан 184 башка улуттун өкүлдөрүнүн кыймылсыз мүлік алгандыгын белгилеп, «Жакында биз Кытай, Нигерия, Пакистан, Бангладеш, Сенегал жана Доминикан сыяктуу өлкөлөрдөн суроо-талаптын олуттуу өсүшүн байкадык. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрүнөн келген инвестицияларда бир топ активдүүлүк байкалууда. Көп жылдардан кийин Франция, Германия, Португалия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдүн инвесторлору ушул жерден батир сатып ала башташты. Америка Кошмо Штаттарында жашаган мусулмандардан да талаптарды ала баштадык»,-деп айтты.

Бужак чет өлкөлүктөргө турак жай сатууда жарандык укугу үчүн стимулдун маанилүүлүгүн белгилеп, «105 башка өлкөдөн 9 миң 469 адам 43 ар башка шаардан кыймылсыз мүлк алуу менен Түркиянын жарандыгын алышты. Кытайлар биринчи орунда, андан кийин Палестина, Иордания, Ливия, Египет жана Пакистан ээлейт»,-деди.

Учурда берилип жаткан кайрылуулардын санынын да алгандар менен бирдей эле көп экендигин айткан Бужак, 2021-жылдын аягына чейин жарандык алгандардын саны 20 миңге жакындаарын күткөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар