Эл аралык технология фирмаларынын Түркияга кызыгуусу

Президенттик аппараттын инвестиция кеңсесинин төрагасы Бурак Даглыоглу, акыркы убакта эл аралык технологиялык компаниялардын Түркияга инвестициялык чечимдерине байланыштуу Анадолу Агенттигине (AA) баа берди.

1553401
Эл аралык технология фирмаларынын Түркияга кызыгуусу

Түркияга болжол менен 50 миллион долларлык инвестиция сала турганын жарыялаган Кытайдын технологиялык компаниясы Oppo менен катар ушул сыяктуу эл аралык технологиялык компаниялардын дагы жакынкы убакта инвестицияларын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Президенттик аппараттын инвестиция кеңсесинин төрагасы Бурак Даглыоглу, акыркы убакта эл аралык технологиялык компаниялардын Түркияга инвестициялык чечимдерине байланыштуу Анадолу Агенттигине (AA) баа берди.

Түркиянын билимдүү жаш жумушчу күчү, татаал өнөр жай инфраструктурасы, күчтүү санариптик инфраструктурасы жана кеңири рынокко жетүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле аймактагы ички жана эл аралык санариптештирүү инвестициялары үчүн кызыктуу жагдай бар экендигин баса белгилеген Даглыоглу, ар кайсы тармактардагы эл аралык компаниялардын Түркияны регионалдык изилдөөсү жана өнүгүүсү (R&D) үчүн, дизайн, өндүрүш, логистика жана башкаруу борбору катары карагандыгын билдирди.

Эң көп сатуусу болгон уюлдук телефон өндүрүүчүлөрүнүн, Түркиянын потенциалын жана сунуш кылган артыкчылыктарын баалоо менен инвестициялык чечимдерди кабыл алгандыгын белгилеген Даглыоглу: «Oppo, болжол менен 50 миллион долларлык инвестиция жөнүндө жарыялады. Биз сүйлөшкөн ушул сыяктуу эл аралык технологиялык компаниялар жакынкы аралыкта инвестицияларын жарыялайт деп күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар