Түркиянын BMC компаниясы Азербайжанга жаңы автобус экспорттойт

Жаңы автобустун келишимине ылайык, BMC 2021-жылы Баку шаарына Компрессордук жаратылыш газы (CNG) менен 320 автобус жеткирет.

1549321
Түркиянын BMC компаниясы Азербайжанга жаңы автобус экспорттойт

Түркиянын коммерциялык унаа өндүрүүчү BMC компаниясы Азербайжанга жаңы автобус экспорттойт.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 9-10-декабрь күндөрү Азербайжанга жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө, президент Илхам Алиев менен биргелешкен маалымат жыйынынан кийин ар кандай тармактарда келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдердин бири BMC менен Баку транспорт агенттиги (BNA) ортосунда түзүлгөн.

Жаңы автобустун келишимине ылайык, BMC 2021-жылы Баку шаарына Компрессордук жаратылыш газы (CNG) менен 320 автобус жеткирет.

BNA делегациясы келишимге кол койгондон кийин BMC Измир Пынарбашы объектилерине барды. Делегация BMC автобустарын жеринде карап чыгып, сыноодон өткөрдү.

Европанын «Мыкты дизайн» сыйлыгынын ээси болгон BMC автобустары өнүккөн технология менен чыгарылат жана айдоочуга да, жүргүнчүлөргө да жогорку коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Шаардын эң кууш көчөлөрүндө деле жеңил бурула алган жогорку маневрдүүлүгү менен билинген автобустар CNGди колдонуп, айлана-чөйрөнү коргоочу транспортторду камсыз кылышат.

BMC компаниясы чыгарган автобустар Азербайжандын транспорт тармагында бир топтон бери милдеттенме алып иштеп келет.



Тектеш кабарлар