Түркия тогуз өлкөгө анчоус экспорттоду

Анчоустун экспортунда Бельгия биринчи орунду ээледи.

1545908
Түркия тогуз өлкөгө анчоус экспорттоду

Кара деңиз аймагынан сентябрь-ноябрь айларынын аралыгында 9 өлкөгө 406 тонна анчоус экспорттолуп, андан 1 миллион 997 миң 427 доллар киреше түштү.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, анчоустун экспортунда Бельгия 906 миң 345 доллар менен биринчи орунду ээледи.

Сентябрь-ноябрь айларында Бельгияга 135 тонна анчоус сатылды.

Бул өлкөдөн кийин 796 миң 29 доллар менен Франция жана 136 миң 43 доллар менен Германия турат.

Бул мезгилде айрыкча Италия, Америка, Украина, Израиль, Бириккен Араб Эмираттары жана Болгарияга да анчоус экспорттолду.



Тектеш кабарлар