Түрк килеми Америка базарынын баш тартылгысы
Түркия экспортчулар ассамблеясынын Килем өнөр жай кеңешинин төрагасы Салахаттин Каплан килем экспорту жасалган өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи кезекте АКШнын орун алганын,
Түрк килемдери гигиена биринчи орунда турган коронавирус эпидемиясында Америка континентинин баш тартылгыс продукцияларынын арасына кирди.
Бул континентке 2020 - жыдын 10 айында жасалган килем экспорту мурунку жылдын ушул эле айына караганда 34,6 пайыздык өсүү менен 759 миллион 537 000 долларга жогорулады.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын Килем өнөр жай кеңешинин төрагасы Салахаттин Каплан Түркиядан эң көп килем экспорту жасалган өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттары орун алганын, андан кийин Сауд Арабия, Германия, Британия, Ирак, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Иран жана Белгиянын келгендигин билдирди.
Каплан пандемия мезгилинде өзгөчө Европа жана Америка континенттеринде гигиенанын алдыга чыкканына көңүлдөрдү буруп : «Бул процессте гигиеналык чөйрө үчүн килем баш тартылгыс нерсе. Түрк килеми азыркы учурда Америка базарынын издеген маркасы болду»,- деди.