Мандариндин экспорту өстү

10 айда 174 миллион долларлык киреше түштү.

1531535
Мандариндин экспорту өстү

Түркиянын мандарин экспорту быйылкы жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында болжол менен 47 пайызга өсүп 174 миллион долларга жетти.

Улуттук цитрус өсүмдүктөрү кеңешинин башчысы Кемал Качмаз, өткөн жылдын январь-октябрь мезгилинде 281 миң тонна мандариндин 119 миллион долларга экспорттолгонун айтты.

Бул сезондо экспортто оң жылыштар болгонун белгилеген Качмаз: «Жылдын 10 айында 337 миң тонна мандариндин экспортунан 174 миллион долларлык киреше түштү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү 20 пайызга, наркы 47 пайызга жогорулады. Мандариндин экспортунун көбөйүшү биздин сектордун өкүлдөрүн жана өндүрүүчүлөрүн кубандырды»,- деди.

Качмаз январь-октябрь айларында эң көп мандарин экспорттолгон өлкөнүн Орусия экендигин айтып: «Орусиядан кийин Украина, Ирак, Польша жана Сербия турат. Түрк мандарини дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктуу өнүмгө айланды. Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнө экспорттообузду көбөйтүүгө карата аракеттерибиз уланууда. Япония, Индия, Малайзия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө көбүрөөк экспорттоону максат кылып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар