Эл аралык Валюта Фонду быйыл 83 өлкөгө каржылык колдоо көрсөттү

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2020-жылга карата жылдык отчетун «Теңдеши жок жыл» деген ат менен жарыялады.

1529124
Эл аралык Валюта Фонду быйыл 83 өлкөгө каржылык колдоо көрсөттү

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2020-финансылык жылында 83 өлкөгө 165 миллиард доллар каржылык колдоо көрсөттү.

ЭВФ 2020-жылга карата жылдык отчетун «Теңдеши жок жыл» деген ат менен жарыялады.

Отчетто дүйнөлүк экономика жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын таасири менен терең рецессияга туш болуп жатканы эскертилген.

Экономикалык көз карашка байланыштуу белгисиздик бар экендиги баса белгиленген отчетто, экономикалык рецессия, жумушсуздук, климаттын өзгөрүшү, технология жана автоматташтыруу, санариптик валюталардын көтөрүлүшү, теңсиздик жана карыздардын көбөйүшү менен дүйнөнүн ар тарабындагы адамдардын жашоосунда терең өзгөрүүлөр болгондугу белгиленди.

Отчетто, өкмөттөр эпидемиянын кесепеттерине каршы экономиканы колдоо боюнча «тайманбас» кадамдарды жасаганы жана болжол менен 12 триллион доллар каржылык жана 7,5 триллион доллар акча-кредиттик иш-чаралар жүзөгө ашырылганы белгиленди.

Дүйнөдө болуп жаткан кризиске каршы ЭВФ тарабынан көрүлүп жаткан чараларга да токтолгон отчетто, ЭВФтин 83 өлкөгө 165 миллиард доллар каржылык колдоо көрсөткөндүгү, анын ичинде 2020-финансылык жылы 49 аз кирешелүү өлкөгө 16,1 миллиард доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо берилгендиги маалымдалды.

Отчетто 129 мамлекеттин экономикалык көзөмөлү аяктагандыгы айтылган.



Тектеш кабарлар