Түркиянын балык майы жана уну экспорту

Түркиядан жылдын 10 айлык  мезгилинде жасалган балык майы жана уну экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 57 пайызга өстү.

1527681
Түркиянын балык майы жана уну экспорту

Түркиядан жылдын 10 айлык  мезгилинде жасалган балык майы жана уну экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 57 пайызга өстү.

Чыгыш Кара Деңиз Экспортчулар Ассоциациясынын маалыматтарынын негизинде ушул жылдын январь - октябрь айларында Түркиядан 32 өлкөгө 26 109 тонна балык майы жана уну экспортолуп 45 миллион 360 603 доллар киреше алынган.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде, өлкөдөн 18 200 тонна балык майы жана ун экспорттолуп  28 миллион 866  620 доллар киреше алынган.

Ушундайча, Түркиядан балык майы жана ун экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43 пайызды түзүп, нарк жагынан 57 пайызга жогорулады.

Жылдын январь - октябрь айларында эң көп экспорттолгон өлкөлөр Перу, Франция жана Норвегия болгон.

Жылдын 10 айында Перуга 5707 тонна балык майы жана ун экспорттолуп, 11 миллион 112 65 доллар киреше табылган. Перудан кийин 8 миллион 39 154 доллар Франция,  7 миллион 42 649 доллар менен Норвегия келди.

Өткөн жылы Түркиядан жылдын ушул эле мезгилинде экспорт жасалбаган Таивань, Индонезия, Германия, Россия, Сербия, Оман, Гидерландия жана Кыргызстанга да бул мезгилде балык майы менен уну экспорттолду.



Тектеш кабарлар