Түркиянын анар экспорту
Түркия чет өлкөгө анар экспорттоодо.
Батыш Жер Ортолук деңизи аймагынан январь-октябрь айларынын аралыгында 20 миллион 180 миң долларлык анар экспорттолду.
Анталья, Ыспарта жана Бурдурду камтыган Батыш Жер Ортолук деңизи экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 1-январдан 31-октябрга чейин аймактан 20 миллион 180 миң долларлык анар сатылды. Алардын көпчүлүгүн Анталья түздү.
Анардын экспорту июнь жана июлдан тышкаркы айларда жыл бою уланды.
Буга караганда, чет өлкөгө январь айында 6 миллион 200 миң 656, февралда 4 миллион 792 миң 223, мартта 1 миллион 736 миң 133, апрелде 345 миң 103, май айында 19 миң 311, августта 27 миң 972, сентябрда 967 миң 225 жана октябрда 6 миллион 91 миң 376 долларлык анар сатылды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.