Анталья бир айда жарым миллиондон ашуун орус туристти тосуп алды

Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен Ковид-19 процессинде башталган «Коопсуз туризмди сертификаттоо программасы» туристтерге ишеним берүүдө.

1496183
Анталья бир айда жарым миллиондон ашуун орус туристти тосуп алды

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) процессинде берилген коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүктөрү менен конокторун тосуп алган Анталья, 10-августтан 13-сентябрга чейин 556 миң 82 россиялык конокту кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен Ковид-19 процессинде башталган «Коопсуз туризмди сертификаттоо программасынын» алкагында Түркиянын туристтик аймактарындагы сертификат менен тейлөө жасаган көптөгөн объектилер туристтерге ишеним берүүдө.

Эпидемиялык процессте туристтердин эң биринчи тандоосунан орун алган Анталья, жыл сайын болгондой эле быйыл да ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтерди кабыл алат. Шаарга келген туристтердин арасында орустар кайрадан биринчи орунду ээлөөдө.

Деңиз, кум жана күн эс алуусун жактырган орустар, быйыл нормалдашуу процесси менен 10-августтан тарта өз ара каттамдардын башталышы менен кайрадан Антальяны тандашты. Жаңы жылдан 13-сентябрга чейин Антальяга келген 2 миллион 3 миң 946 туристтин 703 миң 463ү орустар болчу.

Айрыкча, кирешеси жогору орустар Антальянын ордуна Мугланын туризм борбору Бодрумду артык көрүштү. Мега яхталары Бодрумга, Бозбурунга келишти. Түркияга быйыл келгенчелик көп яхта келе элек болчу. Хорватияга, Грецияга барбаган яхталар Түркияга келишти. Бодрум, Бозбурун жана Мармаристе яхталардын тыгыны көп болду. Яхтанын тыгыздыгы уланууда.

Россия рыногу ноябрдын экинчи жумасына чейин уланат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар