Кризистин көлөкөсүндө коргонуу каржылоолрун арттырган Грецияны татаал кыш күтүүдө

Адистер мындай көрүнүштө Грециянын экономикасын оор кыш күтүп тургандыгын айтышат.

1491950
Кризистин көлөкөсүндө коргонуу каржылоолрун арттырган Грецияны татаал кыш күтүүдө

Көп жылдардан бери терең экономикалык кризис менен күрөшүп келе жаткан, куткаруу пакеттеринен жана үнөмдөө саясатынан улам нааразычылыктарды тез-тез өткөрүп келген Греция, Европа Биримдигинин (ЕБ) колдоосу менен жашап кете турган экономикасына карабастан, курал-жарактарды жаңыдан сатып алууну көздөөсү акылга сыйаарлык абал эмес.

Адистер мындай көрүнүштө Грециянын экономикасын оор кыш күтүп тургандыгын айтышат.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Эгейдеги чыңалуунун көлөкөсүндө Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 18 согуштук учак, 4 фрегат, 4 тик учак сатып алаарын жана 15 миң жаңы аскер кызматкерин толуктай тургандыктарын билдирди.

Афина бийлиги ошондой эле өлкө 10 жылда коргонуу чыгымдарына 10 миллиард евро сарптоону пландап жаткандыгын билдирди.

Бул пландаштыруу экономикалык кризистин жана коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын терс таасирлерин башынан кечирген Грециянын экономикасы үчүн жаңы түйшүктөрдү алып келери белгиленди.

Британиялык The Guardian жаңылыктар сайтынын маалыматы боюнча Филлип Инманндын макаласында 2009-жылдын акырында башталган жана андан кийин уланып келе жаткан  карыз кризисинин себептеринин бири «Түркия менен болгон көп жылдык келишпестиктер» болгон деп айтылат.

Америкалык Business Insider веб-сайтынын кызматкери Жереми Бендер, Грециянын ашыкча чыгымдары жасаганы жана аскерий шарттарын Түркия менен бирдей деңгээлге жеткирүүгө аракет кылганына токтолгон.

Британиялык эл аралык бизнесс гезити Financial Times гезитинен Питер Шпигел дагы өз макаласында карыз кризиси учурунда экономикалык кыйынчылыктарга туш болгонуна карабастан коргонуу чыгымдарын тормозго албаган Грецияга «коргонуу чыгымдарын азайтуу менен ушул тармакта сапатка көңүл бурууну» сунуш кылганын билдирди.

Авиация, космос, коргонуу саясаты жана технологиялары боюнча адис Арда Мевлүтоглу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Эгей деңизинде Түркия менен болгон чыңалуунун Грециянын туризм кирешелерин азайтканын кеп кылды.

Билкент университетинин окутуучусу Др. Димитрис Царухас: «Грециянын экономикасы, башка өлкөлөр сыяктуу эле, өтө оор кышка туш келди»,- деди.



Тектеш кабарлар