Антальяга 31 өлкөдөн коноктор келди

Анталия коронавирус учурунда да коопсуз туризмдин дареги болуп калды.

1476441
Антальяга 31 өлкөдөн коноктор келди

Дүйнөдөгү эң маанилүү туристтик жерлердин бири болгон Анталия 2020-жылдын башынан бери 31 өлкөдөн болжол менен 850 миң конокту кабыл алды.

Анталия коронавирус учурунда да коопсуз туризмдин дареги болуп калды.

Ковид-19 чараларынын алкагында нормалдаштыруу кадамдарынын ташталышы менен Анталияда туризм жандана баштаган.

Ички рыноктон кийин, учак каттамдарынын башталышы менен тышкы рынокто да кыймылдуулук байкалды.

Күнүнө орто эсеп менен 180 учак конгон шаарга 1-15-август күндөрүнүн аралыгында Россиядан 106 миң, Украинадан 74 миң, Германиядан 48 миң жана Англиядан 36 миң болуп жалпы 31 өлкөдөн 325 миң турист келди.

Январь айынан бери шаарга келген туристтердин саны 850 миңге жетти.



Тектеш кабарлар