Европа базарында автомобиль сатуусун арттырган жалгыз өлкө-Түркия

Ковид-19 эпидемиясы көптөгөн тармактарга терс таасирин тийгизип, айрыкча автомобиль тармагы эң көп зыян тарткан тармактардын бири болду.

1465890
Европа базарында автомобиль сатуусун арттырган жалгыз өлкө-Түркия

Түркия, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) жайылуу мезгилинде Европада автомобиль сатууну көбөйткөн жалгыз өлкө болду.

Ковид-19 эпидемиясы көптөгөн тармактарга терс таасирин тийгизип, айрыкча автомобиль тармагы эң көп зыян тарткан тармактардын бири болду.

Европалык автомобилдерди өндүрүүчүлөр ассоциациясынын (ACEA) маалыматтарына ылайык, Европа Биримдигинин (ЕС-26) жана Европанын эркин соода ассоциациясына (EFTA) мүчө өлкөлөр жана Улуу Британия менен катар жалпы базарына караганда, алгачкы 6 айда бардык европалык базарлар кыскарды.

Европанын автомобиль рыногу ушул жылдын алгачкы 6 айында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38,9 пайызга төмөндөп, 6 миллион 11 миң 918 даана унаа болду.

Унаалардын базарына көз чаптырсак, каралып жаткан мезгилде сатуулар 39,5 пайызга азайды.

Европанын автомобиль рыногун өлкөлөр жагынан баалаганда, эң чоң төмөндөө Хорватияда - 52,4 пайыз, Испанияда - 50 пайыз жана Португалияда - 48,2 пайыз.

Европанын локомотив өлкөсү Германияда автомобиль сатуу 33,9 пайызга, Францияда 37,3 пайыз, Англияда 48 пайыз, Италияда 45,1 пайыз жана Бельгияда 29,6 пайызга төмөндөгөн.

Июнь айына көз чаптырсак, автомобиль рыногу 24 пайызга төмөндөп, 1 миллион 335 миң 802 даана деп  катталган.

ЕБ жана EFTA өлкөлөрү жана Улуу Британияны камтыган жалпы рынокто биринчи жарым жылдыкта сатуусун арттырган өлкө болбой калган, Ковид-19 менен ийгиликтүү күрөштүн үлгүсүн көрсөткөн Түркияда автомобиль базарында өсүү көрүндү.

Европалык автомобиль сатуулар тизмелөөсүндө биринчи чейректе 7-орунда турган Түркияда, ушул жылдын биринчи жарымында  6-орунга көтөрүлдү.

Ушул жылдын июнь айынын аягында Түркия дагы эле Европада сатууну көбөйткөн жалгыз өлкө болду.



Тектеш кабарлар