Түркия инвесторлорду өзүнө тартууда
Түркия көптөгөн өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу ишкерлерге бир топ жеңилдиктерди түзүп берүүдө.
1463575
Казына жана каржы министри Берат Албайрак: «Түркия мындан ары да инвесторлор үчүн тартуу борбору бойдон кала берет»,- деп айтты.
Берат Албайрак өзүнүн Твиттер баракчасындагы бөлүшүүсүндө, бир ишкердин ишкана ачуусуна карата Түркиянын көптөгөн өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу бир топ жеңилдиктерди түзүп бергенин билдирди.
Министр Албайрак: «2017-жылы иш жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча индексинде Түркия 190 өлкөнүн арасында 60-орунду ээлесе бүгүн 33-орунда турат. Түркия инвесторлорду тартуу борбору болуп кала берет!» деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.