Миллиондогон орусиялык туристтер Түркияны көздөй агылып жатышат

АТОРдун башчысы Майя Ломидзе маалымат берди.

1464099
Миллиондогон орусиялык туристтер Түркияны көздөй агылып жатышат

Россиянын Туроператорлор Ассоциациясынын (АТОР) башчысы Майя Ломидзе, Москвада каттамдар август айында кайра башталат деген чечимден кийин миллиондогон орусиялык туристтердин эс алуу үчүн Түркияга агылып жаткандарын айтты.

Говорит Москва радиосуна маалымат берген Ломидзе: «Миллиондогон жарандар кичинекей мүмкүнчүлүк менен эс алууга чыгууга даяр. Анткени өтө оор жыл болду. Бардыгы эс алып, эски жашоого кайтып баруу сезиминде болугусу келет»,-деди.

Ломидзе, Түркияга быйыл азырынча эс алуу жөнүндө чечим кабыл ала элек жана эс алууну пландаштырбаган россиялык туристтердин барарын айтты.

Коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнө байланыштуу Россия 27-мартта эл аралык учууларды токтоткон болчу.

Москва 1-августта Анкара менен Стамбулга, 10-августта Анталия, Бодрум жана Даламанга каттамдардын кайра башталаарын жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар