Алчанын экспортунда рекорд

Түркия 60 өлкөгө алча экспорттоду.

1460175
Алчанын экспортунда рекорд

Былтыр 183 миллион долларга экспорттолгон алчада быйыл сезон бүтө электе 212 миллион доллардан ашып жаңы рекордго жетишилди.

Түркия 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде 60 мамлекетте алча экспорттоп андан 212 миллион доллардан ашуун киреше тапты.

Бул мезгилде эң жогорку экспорт 88 миллион доллар менен Германия, андан кийин 49 миллион доллар менен Россия жана 13 миллион доллар менен Австрия турат.

Алчада сезондун аягында экспорттун көлөмү 250 миллион долларга жетиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар