Түркиядагы экономикалык иштер калыбына келе баштады

Түркия Банктар Ассоциациясынын (TBB) Башкы Ассамблеянын 63-жыйыны Стамбулда казына жана каржы министри Берат Албайрактын катышуусу менен өткөрүлдү.

1441782
Түркиядагы экономикалык иштер калыбына келе баштады

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, өзгөчө акыркы бир нече айдын ичинде жеке банктардын да катышуусу менен Түркиядагы экономикалык иш-аракеттердин калыбына келүү жолун так көрө баштагандарын айтты.

Түркия Банктар Ассоциациясынын (TBB) Башкы Ассамблеянын 63-жыйыны Стамбулда казына жана каржы министри Берат Албайрактын катышуусу менен өткөрүлдү.

Албайрак жыйында сүйлөгөн сөзүндө, дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы убагында чара көргөн Түркиянын нормалдаштыруу мезгилине даяр экендигин жана экономикалык жактан эң аз таасир алган өлкөлөрдүн бири экендигин айтты.

Албайрак буга Түркиянын экономикалык инфраструктурасынын жана саламаттык сактоо системасынын күчтүү болушу, пандемиянын кесепеттерин болтурбоо үчүн күчтүү чаралардын көрүлүшү, өлкөдө жалпы карантиндин колдонулбашы, ишканалардын өндүрүштү жана экспортту улантышы жана май айынан бери нормалдаштырууга карата кадамдардын ташталышы түрткү болду деп билдирди.

Албайрак акыркы бир нече айдын ичинде, айрыкча жеке банктардын катышуусу менен экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келе баштагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар