Анталиядан Гонконгго да черника экспорттоло баштады
Черниканы идиште да өстүрүүгө болот.
Анталиядан Гонконгго да черника эскпорту башталды.
Облустук айыл - чарба жана токой чарбачылыгы директору Гөкхан Каража айыл - чарба шаары да болгон Анталияда продукция түрдүүлүгүн арттырууга карата иштерди жүргүзүп жатышкандарын белгиледи.
Өлкө тышында "blueberry" деп билинген черника өндүрүүдө кыска убакытта маанилүү аралыкты басып өтүшкөндөрүн баса белгилеген Каража : "Черника дүйнөдө бренд болгон мөмө жана экспорт наркы абдан жогору. Антиоксидан өзгөчөлүгү да бар. Идиште да өстүрүүгө боло турган өсүмдүк. Климаты жактан да Анталия бул өсүмдүк үчүн ыңгайлуу бир жер",- деди.
Каража черниканы дүйнө базарында жогорку баага ала турган кардар табышкандарын айтып : "Германия, Дубай, Швеция, Норвегия, Катардан кийин Гонконгго да черника экспорттой баштадык. Өткөн жылы 67 тонна 700 килограмм черника экспорттодук. Жаңы инвестициялар менен кыска убакытта бул санды арттырууну максат кылуудабыз",- деди.