Түркия Россияга мандарин экспорттоодо

Мандариндин экспорту өсүүдө.

1441019
Түркия Россияга мандарин экспорттоодо

Жылдын 5 айында Түркиядан Россия Федерациясына 50 миллион 790 миң 424 долларга мандарин экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиздин Экспортчулар Ассоциациясынын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-май айларында Түркиядан Россия Федерациясына 83 миң 119 тонна мандарин сатылды.

Бул экспорттон 50 миллион 790 миң 424 доллар киреше түштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Россияга 60 миң 284 тонналык мандарин экспорттолуп андан 33 миллион 909 миң 137 долларлык киреше түшкөн.

Ушундайча Россияга мандариндин экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 38 пайызга жана нарк боюнча 50 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар