Түркияда ички туризмде кыймылдуулук башталды

Ягжы : «Ички рыноктогу кыймылдуулук башталууда, резервациялар да келүүдө».

1437320
Түркияда ички туризмде кыймылдуулук башталды

Деңизи , куму, күнү сыяктуу табигый кооздуктары, байыркы шаарлары, булуңдары менен алдыга чыккан Анталиядагы бир топ мейманканалар ички каттамдардын башталышы жана чектөөлөрдүн жоюлушу менен ишин кызуу баштады.

Жер Ортолук деңиз туристтик мейманканачылар жана операторлор ассоциациясынын төрагасы Ягжы ички туризм баштала турган бир мезгилге киришкендерин, саякат чектөөлөрүнүн жоюлушу, ички каттамдардардын башталышына мүмүкнчүлүк түзгөнүн айтты.

Өзгөчө ички туризм кыймылдуулугу июль айында  дагы да жанданарын белгилеген Ягжы : «Ички рыноктогу кыймылдуулук башталууда, резервациялар да келүүдө»,- деди.

Өлкө тышы рынок үчүн  негизги элементтердин эл аралык каттамдардын ачылышы экенин баса белгилеген Ягжы : «Бул жерде туризмдин болушу үчүн баары даяр. Каттамдардын  күнү белгиленип расмий түрдө билдирилгенден кийин  тышкы туризм кыймылынын башталарын айта алабыз»,- деди.

Профессионал мейманкана башкаруучулары коомунун төрагасы Үлкай Атмажа да Германия учак каттамдарын баштай турган болсо кыймылдуулуктун дагы күч аларын белгиледи.

Түркияга биринчи туристтердин Украинадан, Белорустан жана Казакстандан келерин айткан Атмажа : «Ички рынокто акырындык менен кыймылдуулук башталды. Комплекстер ачыла баштады. Тышкы рыноктун кыймылга келиши үчүн чартердик каттамдар башталыш керек»,- деди.



Тектеш кабарлар