Октай: «Жаңы калыптанган турмуштун альтерантивалык өндүрүү күчү Түркия болот»
Фуат Октай, Түрк өнөр жайчылары жана ишкерлер коомунун (TÜSİAD) «Ковид-19 мезгили жана андан кийин иш дүйнөсү» аттуу жыйналышына видео конференция ыкмасы менен катышты.
1428832
Вице-президент Фуат Октай, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен келген жаңы калыптанган турмуштун альтерантивалык өндүрүү күчүнүн Түркия боло турганын айтты.
Фуат Октай, Түрк өнөр жайчылары жана ишкерлер коомунун (TÜSİAD) «Ковид-19 мезгили жана андан кийин иш дүйнөсү» аттуу жыйналышына видео конференция ыкмасы менен катышып маалымат берди.
Сөзүндө жергиликтүү өндүрүштүн маанисине токтолгон Октай: «Жергиликтүү өнөр жайыбызды импорт кысымынан бардык саясаттарыбыз менен коргоого чечкиндүүбүз»,-деп айтты.
Октай: «Жаңы калыптанган турмуштун альтерантивалык өндүрүү күчү Түркия болот»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.