Чет өлкөлүктөргө онлайн ыкма менен кыймылсыз мүлк сатылууда

Түркиянын алдыңкы кыймылсыз мүлк маркаларын өкүлдүк кылган Кыймылсыз мүлктү чет өлкөгө таанытуу коомунун (GİGDER) маалыматы.

1407162
Чет өлкөлүктөргө онлайн ыкма менен кыймылсыз мүлк сатылууда

Чет өлкөлүктөргө онлайн ыкма менен кыймылсыз мүлк сатуу өткөн айда 100 миллион лирадан ашты.

Түркиянын алдыңкы кыймылсыз мүлк маркаларын өкүлдүк кылган Кыймылсыз мүлктү чет өлкөгө таанытуу коомунун (GİGDER) төрагасы Фарук Акбал, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен март айынан тарта чет өлкөлөргө онлайн сатуулар башталганын маалымдады.

Акбал, Түркияга саякат кыла албаган чет элдиктердин кызыгуусун GİGDER катары Facetime, Zoom, Skype жана Whatsapp сыяктуу онлайн платформаларга алып чыккандарын кеп кылып, «Жаңычыл көз караш, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана өлкөбүздүн саламаттык сактоо тармагында жетишкен өнүгүүнү колдонуп эл аралык аренада талап пайда болушун камсыздадык жана бул талаптар санариптик инструменттер менен алдын ала сатуу жана резервацияга айланды»,-деп айтты.

Мүчөлөрдүн мартта 120 кыймылсыз мүлктүн сатылуу жана резервация иштерин онлайн платформалар аркылуу ишке ашырганын жана 100 миллион лирадан ашкан киреше тапкандарын түшүндүргөн Акбал, мунун чындыгында өзгөргөн тренддерге Түркиянын жана фирмалардын ылдам көнгөнүнүн көрсөткүчү болгонун белгиледи.

Акбал, пандемия пайда боло баштаган убактан тарта VR көз айнектер менен онлайн инструменттер аркылуу чет өлкөлүк кардарларга виртуалдык турлар ишке ашырылганын жана сатуулардын бул ыкмалар менен улантылганын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар