Кытайга карата даяр кийим экспортунда өсүү болду

Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде 4 миллиард 226 миллион 614 миң долларлык даяр кийим экспорту жасалды.

1398010
Кытайга карата даяр кийим экспортунда өсүү болду

Түркиядан жылдын биринчи чейрегинде 4 миллиард 226 миллион 614 миң долларлык даяр кийим экспорту ишке ашты.

Бул секордун Кытайга карата экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 143 пайыз өстү.

Түркиядан январь  -  март мезгилинде 207 өлкө, автоном аймак менен эркин аймакка даяр кийим жиберилди.

Улудаг экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда сектордун бир гана Германия, Испания, Британия, Нидерландия жана Францияга экспорту жалпы экспорттун 51 пайызын түзүүдө.  

Даяр кийим сектору январь  -  март мезгилинде эң көп экспортту Германияга жасады.

Сектордун жалпы экспортунда 17, 77 пайыздык үлүшкө ээ болгон Германияда бул мезгилде 751 миллион 106 миң долларлык продукция экспорттолду.

Экинчи орунда турган Испанияга жасалган экспорт 508 миллион 175 миң доллар болуп катталса, сектордун негизги базарларынан Британияга 392 миллион 516 миң долларлык экспорт жасалды.

Даяр кийим секторунун жылдын биринчи чейрегинде Нидерландияга жасалган экспорт өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 21 пайызга өстү.

Бул өлкөгө жасалган экспорт 261 миллион 105 миң доллардан 316 миллион 365 миң долларга жогорулады.

Бул мезгилде сектордун катнаш боюнча эң көп экспорт жасалган өлкө Кытай болду.

Өткөн жылдын биринчи үч айында 19 миллион 418 миң долларлык продукция жиберилген Кытайга жасалган экспорт бул жылдын ошол эле мезгилинде 143 пайызга өсүп, 47 миллион 208 миң доллар болуп каттоого өтү. Сауд Арабияга жасалган экспорт да 24, 44 пайыздык өсүү менен 82 миллион 652 миң доллардан 102 миллион 582 миң долларга чыкты.



Тектеш кабарлар