Түркия Румынияга электрдүү унааларды экспорттоодо

Түрк ишканасы Бухарест шаары үчүн жарыяланган тендерди утуп алды.

1374992
Түркия Румынияга электрдүү унааларды экспорттоодо

Анкарада электрдүү унаалар менен темир жол транспортторун иштеп чыккан жана өндүргөн "Бозанкая" ишканасы, Румыниянын Бухарест шаары үчүн жарыяланган орто эсеп менен 43 миллион евро наркындагы 100 унаалык троллейбус тендерин утуп алды.

Андан мурда Темашвер жана Жаш шаарлары жарыялаган жалпы 32 унаалык трамвай тендерин утуп алган "Бозанкая" Румынияга болгон экспортун арттырууну улантып жатат.

Бухарест мэриясынын өткөн жылы уюштурган 100 даана троллейбус сатып алуу тендерин да уткан бул ишкана, быйыл баштала турган тапшырып берүүлөрдөн улам Түркияда эң көп электрдүү унаа экспорттолгон болот.  

Түрк инженерлери тарабынан долбоорлоно турган троллейбустардын өндүрүшү, Анкарадагы темир жол системалары ишканасында 2 жылда бүткөрүлөт.



Тектеш кабарлар