Түркия өнөр жайындагы өнүгүүдөн улам курал импортун азайтты
Түркиянын курал-жарак өнөр жайы өнүгүүдө.
Түркия курал импортун 2015-2019-жылдардын аралыгында андан мурунку 5 жылга салыштырмалуу 48 пайыз азайтты.
Стокгольмдогу Эл аралык Тынчтык изилдөөлөрү институтунун отчетуна караганда, Түркиянын курал импортундагы азаюуга түрк курал өнөр жайындагы өнүгүүлөр түрткү болду.
Отчетко караганда, Орусиянын курал экспорту акыркы 10 жылдын ичинде 18 пайыз азайса, Германияныкы акыркы беш жылда мурунку беш жылга салыштырмалуу 17 пайыз өстү.
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн курал импорту 10 жылдын ичинде 61 пайыз өсүп, бул акыркы 5 жылдагы дүйнөлүк курал импортунун 35 пайызын түздү.
Сауд Арабия акыркы 5 жылда куралдын эң ири импорттоочусу болсо, өлкөнүн курал импорту мурунку 5 жылдык мезгилге караганда 130 пайыз өстү.
Тийиштүү мезгилде Индия эң чоң экинчи, Кытай бешинчи, Бириккен Араб Эмирликтери болсо сегизинчи курал импортчусу болду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.