Абдан бай адамдардын саны өстү

Өткөн жылы 31 миңден ашуун киши «өтө байлардын» катарына кошулду.

1372610
Абдан бай адамдардын саны өстү

Дүйнөнүн жалпысында 30 миллион доллар жана андан көп байланыгы бар өтө бай адамдардын саны өткөн жылы 6 пайыз өсүп 513 миң 244кө жетти.

Англияда жарыяланган «The Guardian» гезити кеңешчилик компаниясы Knight Frankка таянып берген отчетуна караганда, 30 миллион доллар жана андан көп байланыгы бар өтө бай адамдардын саны өткөн жылы 6 пайыз өсүп 513 миң 244кө жетти.

Абдан бай адамдардын байлыктары жогорулаган дүйнөлүк биржалардан жана көтөрүлгөн турак үйлөрдүн бааларынан пайдалангандыктан өткөн жылы 31 миңден ашуун киши «абдан байлардын» катарына кошулду. Бул дүйнөлүк масштабда Исландия, Мальта же Бразилиянын калкынынын санынан дагы көп экенин билдирет.

Кабарда көз караштарына орун берилген Knight Frank компаниясынын дүйнөлүк изилдөө башчысы Лиам Бейли, жалпы сандын дээрлик жарымынын (240 миң өтө бай адам) АКШда жашагандыгына, Азия же Африкадагы өлкөлөрдө абдан байлардын санынын болсо ылдам көбөйгөндүгүнө көңүл бурду.



Тектеш кабарлар