Түркиянын төлөмдөр балансы жарыяланды
Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан 2019-жылдын ноябрь мезгилине чейинки төлөмдөр балансынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.
Түркиянын төлөмдөр балансынын сальдосунда 2019-жылдын ноябрында 518 миллион доллардык кемчилик болсо да, 12 айлык эсеп-кысап 2 миллиард 725 миллион доллардык ашыкча менен жабылды.
Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан 2019-жылдын ноябрь мезгилине чейинки төлөмдөр балансынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.
Буга караганда 2018-жылдын ноябрь айында 1 миллиард 41 миллион доллар ашыкчасы болгон эсеп-кысаптар, 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде 518 миллион доллар кемчилиги болсо дагы 12 айлык төлөмдөр балансынын ашыкчасы 2 миллиард 725 миллион доллар болду.
Саякат тейлөөлөрүнөн түшкөн так кирешелер 2018-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 177 миллион долларга артып 1 миллиард 414 миллион долларга жогорулады.
Экономисттер 2019-жылдын ноябрь айында төлөмдөр балансынын сальдосунда 450 доллар кемчилик болоорун күтүп жатышкан.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.