Түркиянын чиркегич экспорту 2019-жылы рекордго жакындады

Автомобиль өнөр жайынын экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда автомобиль сектору 2019-жылды 30,6 миллиард доллардык тышкы сатуу менен жапты.

1340067
Түркиянын чиркегич экспорту 2019-жылы рекордго жакындады

Түркия өткөн жылы 869 миллион 803 миң доллардык чиркегич экспортун ишке ашырып, бул сектордо 2018-жылдан кийин бардык убактардын экинчи эң жогорку тышкы сатуу көрсөткүчүнө жетти.

Автомобиль өнөр жайынын экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда автомобиль сектору 2019-жылды 30,6 миллиард доллардык тышкы сатуу менен жапты.

Түркияда өндүрүлгөн чиркегичтер, өткөн жылы көбүнчө Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Бул өлкөлөрдүн башында болсо 64 пайыздык үлүш менен Германия, Франция жана Польша турат.

Германияга 318 миллион 431 миң доллардык экспорт ишке ашты. Бул өлкөгө жасалган тышкы сатууда 2018-жылга салыштырмалуу 13 пайыздык төмөндөө көрүндү.

Германиядан кийин эң көп чиркегич Францияга сатылды. Францияга 120 миллион 916 миң доллардык экспорт жасалды.

Тизмеде үчүнчү болгон Польшага болсо 118 миллион 767 миң доллардык экспорт ишке ашырылды.

Иракка 2019-жылы жасалган чиркегич экспорту, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 119,74 пайызга артып 19 милиион 444 миң долларга жогорулады. Бул өлкөдөн кийин эң көп тышкы сатууда өсүү көрүнгөн Чехияга 2018-жылы 15 миллион 875 миң доллар болсо, өткөн жылы 53,49 пайыздык өсүү менен 24 миллион 367 миң долларга жетти.



Тектеш кабарлар