IMF Түркиянын 2020-жылы 3 пайыздык өсүү көрсөтүүсүн күтүүдө

IMF отчетунда Түркиянын экономикасында оң өсүү күтүлгөнү белгиленди.

1331306
IMF Түркиянын 2020-жылы 3 пайыздык өсүү көрсөтүүсүн күтүүдө

Эл аралык Валюта Корунун (IMF)  Түркия боюнча комиссиясы Түркиянын экономикасында быйыл 0,2 пайыз, 2020-жылы болсо 3 пайыздык өсүүнү көздөгөнүн жарыялады.

Отчетто Түркиянын экономикасында оң өсүү күтүлгөнү белгиленди.

Түркия отчетунда орто мөөнөттө дагы күчтүү жана дагы кыймылдуу өсүү үчүн кеңири реформа пакетине муктаждык болгону баса белгиленди.

Акча саясатынын инфляцияны туруктуу түрдө төмөндөтүүгө багыт алышы керектигин белгиледи.

Базардагы кысымдардын азайышы менен түрк лирасынын калыбына келгени белгиленген отчетто, импорттогу төмөндөө жана күчтүү туризм сезонунун эсеп кысаптын күтүлбөгөндөй түрдө калыбына келишине салым кошкону маалымдалды.



Тектеш кабарлар