Казакстанда 7 айда 52 миллион тонна мунай зат өндүрүлдү

Казакстандын Энергетика министрлигинин жарыясына караганда Бозумбаев, президент Касым Жоомарт Токаев тарабынан кабыл алынуусунда энергетика тармагындагы өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди.

1252559
Казакстанда 7 айда 52 миллион тонна мунай зат өндүрүлдү

 

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев, үстүбүздөгү жылдын январь-июль мезгилинде өлкөдө 52,23 миллион тонна мунай зат өндүрүлгөнүн белгиледи.

Казакстандын Энергетика министрлигинин жарыясына караганда Бозумбаев, президент Касым Жоомарт Токаев тарабынан кабыл алынуусунда энергетика тармагындагы өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди.

Бозумбаев, үстүбүздөгү жылдын январь-июль мезгилинде өлкөдө 52,23 миллион тонна мунай зат өндүрүлгөнүн жана мунун өткөн жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга көп болгонун маалымдады.

Учурдагы мунай зат өндүрүүсү менен жылдык 89 миллион тонна өндүрүш максатынын ишке ашканын белгилеген Бозумбаев, өлкөсүнүн мунай зат өндүрүшүнүн артканын баса белгиледи.

Бозумбаев, ушул эле мезгилде өлкөдө 33,1 миллиард куб метр жаратылыш газ өндүрүлгөнүн айтты.

Мунай зат өндүрүшүнө байланыштуу проект жана инвестициялар артканына токтолгон Бозумбаев, 2023-жылдан тарта жылдык өндүрүштүн 12 миллион тоннага көбөйө турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар