Антальяга рекорддук деңгээлде турист келди
Бул туурасында Анталья губернатору Мүнир Караоглу маалымат берди.
1246549
Антальяга келген туристтердин саны жылдын биринчи 7 айлык мезгилинде 8 миллион 193 миң 924кө жетти.
Анталья губернатору Мүнир Караоглу социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, шаарга өткөн айда былтыркы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,19 пайыздык өсүү менен 2 миллион 601 миң 928 кишинин келгендиги, мунун баардык айлардын рекордун түзгөндүгүн белгиледи.
Губернатор Караоглу: «2019-жылдын биринчи 7 айында 15,96 пайыздык өсүү менен 8 миллион 193 миң 924 киши Антальябызга келди, салым кошкондордун баардыгына ырахмат айтамын»,-деди.